Башкы бет

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду (КӨФ) “Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү” боюнча экинчи долбоордун алкагында түзүлгөн жана 2016-жылы ишмердүүлүгүн баштаган.

2019-жылдын январынан баштап КӨФ өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (КР БИМ) алдында АӨБдун “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында улантууда.

КӨФтүн башкы максаты болуп эмгек рыногунун муктаждыктарына ыкчам таасирденүүнү камсыздоо жана экономиканын тармактарын жумуш берүүчүлөрдүн буйрутмасына ылайык жеке изденүүчүлөрдүн санынан, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды (ДМЧА) жана калктын башка социалдык жактан аярлуу катмарын окутуп, кесипкөй жумушчу кадрлар менен камсыздоо саналат. Артыкчылык катары, ошондой эле кесипкөй билим берүүчү окуу жайлардын жана Кыргыз Республикасынын жумуш берүүчүлөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү эсептелет.

КӨФтүн милдети узактыгы 4,5 айды түзгөн кыска мөөнөттүү курстардын алкагында суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча кадрларды даярдоо, кайрадан даярдоо/квалификациясын жогорулатуу саналат. КӨФтүн кыска мөөнөттүү курстары өлкөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайларынын (кесиптик лицейлердин, колледждердин жана жеке окутуу борборлорунун) базасында өткөрүлөт.

КӨФтүн алкагында кыска мөөнөттүү окутуу үчүн максаттуу топтордун артыкчылыгы

  • Менчик формасына жана анын көлөмүнө карабастан ишканалардын/уюмдардын кызматкерлери.
  • Калктын социалдык жактан аярлуу катмары, анын ичинде ДМЧА, көп балалуу үй-бүлөлөр, аз камсыздалган жарандар, толук эмес үй-бүлөлөр, эмгек минранттары.

КӨФтүн алкагында кыска мөөнөттүү окутуу үчүн экономиканын артыкчылыктуу тармактары

КӨФ

КӨФ аркылуу окутуунун артыкчылыктары

  • Акысыз окутуу б.а., жумушчу адистиктер боюнча кыска мөөнөттүү окутууга каралган бардык чыгымдар Фонд тарабынан каржыланат;
  • Кыска мөөнөттүү окутуу (4,5 айга чейин);
  • Катталган жерине карабастан, өлкөнүн бардык региондорунда окутуу;
  • Кесиптердин кеңири тандалышы жана республиканын кесиптик лицейлеринин, колледждеринин жана жеке окутуу борборлорунун базасында жумуш берүүчүнүн буйрутмасына ылайык жаңы кесиптерди киргизүү мүмкүнчүлүгү;
  • Практикалык көндүмдөргө ээ болуу;
  • Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес үлгүдөгү сертификатты алуу;
  • Ишканалардын кызматкерлери үчүн окутуунун жеңил графиги;
  • Жумуш берүүчүлөрдүн сунушуна ылайык окутуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • Жумушка орношуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу.

Кызматкерлерди окутуу үчүн өтүнмө берүү процедурасы

  • Өз кызматкерлерди окутуу, кайрадан окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн ыңгайлуу регионду тандап алуу зарыл;
  • Силердин ишкана же жеке Силер үчүн талап кылынуучу кесипти тандап алуу керек;
  • Тийиштүү региондо силердин регионалдык координатор менен бирге өтүнмөнү тариздөө зарыл;
  • КӨФтүн Катчылыгынан курстардын башталышы жөнүндө жоопту күтүү.

Эскертүү:

  • Ишканада эмгектенип жаткан кызматкерлерге же келечекте жумушка орношо турган кызматкерлерди окутуу үчүн өтүнмөлөрдү ишкананын атынан чектелбеген санда берүү мүмкүн.
  • Фонддун кыска мөөнөттүү курстары жумушчу кесиптер боюнча гана жүргүзүлөт. “Бухгалтердик учет”, “С 1”, “ВС категориясындагы айдоочулар” багыттары боюнча окутуу, тилдик курстар, компьютердик курстар КӨФтүн алкагында каржыланбайт.
  • Бир адам КӨФтүн курстарында ар түрдүү кесиптеридин ичинен тандап алган багыт боюнча бир жолу гана акысыз окууга укуктуу.
  • КӨФтүн курстарына 16 жаштан жогорку Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргызстанда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтерге ээ чет өлкөлүк жарандар кабыл алынат.

Окутуу боюнча кененирээк маалыматты алуу үчүн көрсөтүлгөн байланыш маалыматы боюнча бизге кайрылууну өтүнөбүз.

Урматтоо менен,

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун Катчылыгы

Тел.: +996 312 318-792

Эл.дарек: frn@kesip.kg

Сайт: www.frn.kesip.kg


Кесипкөй жумушчу кадрлар – бул Кыргызстандын экономикасынын келечеги. Келгиле, бул келечекти биргелешип бүгүнкү күн кылалы!

КЕЛЕЧЕК ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОН, КӨФкө КАЙРЫЛ!!!





Все права защищены © 2014-2016

Секретариат Фонда Развития Навыков

Тел.: +996 312 318792

E-mail: frn@kesip.kg

www.frn.kesip.kg