Көп берилүүчү суроолор

Аталган бөлүмдөн сиз Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондуна көп берилүүчү суроолорго жоопторду ала аласыз. Аталган графадан суроого жооп ала албасаңыз, кеңири маалымат алуу үчүн байланыш маалыматтары графасындагы телефондор аркылуу биз менен байланышыңыз.

  • Курстар акы төлөнүүчүбү?
  • Курстарга кирүү үчүн эмнелер керек?
  • Мен канча убакыт окуйм жана кайсы убакта?
  • Курактык чектөөлөр барбы?
  • Мен кандай кесип боюнча окуй алам?
  • Силердин Фонд аркылуу бир катар кесиптер боюнча окуй аламбы?
  • Топто канча адам болот?
  • Мен шаарда каттоого турган эмесмин, окууга өтүнмө бере аламбы?
  • Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (ДМЧА) окутуу каралганбы?

Курстар акы төлөнүүчүбү?

Окуучулар үчүн – курстар АКЫСЫЗ. КӨФтүн алкагында курсту толугу менен окуу үчүн (мастерлердин жана окутуучулардын эмгек акысы, окуу-чыгымдык материалдар, коммуналдык төлөмдөр ж.б.) Сиз үчүн Фонд төлөйт жана окуучулар тарабынан акы төлөөнү талап кылбайт. Бирок, окуучулар үчүн жол кире, жатакана жана стипендия төлөө каралган эмес.

Курстарга кирүү үчүн эмнелер керек?

Биринчи кезекте Сизге билим алгыңыз келген кесипти аныктоо керек. Андан кийин, Сиз жайгашкан жер боюнча биздин кызматкер менен байланышуу керек. Бардык процедураларды түшүндүргөндөн кийин Сиз өтүнмөнү (ишканадан же жеке изденүүчүлөрдөн өтүнмө) жана милдеттенмени толтурушуңуз керек, жарактуулук мөөнөтү бүтө элек паспортуңуздун көчүрмөсүн жана 3*4 өлчөмүндөгү фото сүрөт бериш керек. Биздин кызматкерден телефон чалууну күтүүнүн мөөнөтү 1-2 айга чейин болушу мүмкүн. Андан кийин Сиз менен телефон аркылуу окутуу курстары качан, кайда жана канчада баштала тургандыгын билдиришет.

Мен канча убакыт окуйм жана кайсы убакта?

Окутуунун мөөнөтү 4,5 айга чейин созулушу мүмкүн (орточо эсеп менен 3 ай), Сиз тандаган курска жараша болот. Эгерде өтүнмө ишканадан берилсе, анда иш берүүчү жана окуу жай иш берүүчү үчүн окутууга ыңгайлуу убакытты макулдашышат. Эгерде өтүнмө жеке жактардан берилген болсо, окутуу же эртең менентен түшкө чейин же тескерисинче (тигил же бул окуу жайынын негизги окутуу процессинин графигинен көз каранды) жүргүзүлөт. Окутуунун так убактысы курс башталганга жакын белгиленет.

Курактык чектөөлөр барбы?

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун уникалдуу өзгөчөлүгү болуп 16 жаштан 60 жашка чейинки жарандардан өтүнмөлөрдү кабыл алуу саналат.

Мен кандай кесип боюнча окуй алам?

Сиз өзүңүз тандаган кесипке карата өтүнмө бере аласыз же КӨФтүн кызматкеринен азыркы учурда кайсы кесип суроо-талапка ээ же иш берүүчүлөрдөн сурам бар болгон кесип жөнүндө билсеңиз болот Кесиптердин тизмеси менен Сиз кийинки шилтеме боюнча http://frn.kesip.kg/ru/51 тааныша аласыз.

Силердин Фонд аркылуу бир катар кесиптер боюнча окуй аламбы?

Бардык каалоочулар үчүн өтүнмө бир гана курска кабыл алынат, башкача айтканда, бир өтүнмө ээси Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду аркылуу БИР ГАНА ЖОЛУ окуй алат.

Топто канча адам болот?

Топто окуган адамдардын орточо саны 10дон 20 адамга чейин, кесиптен көз каранды.

Мен шаарда каттоого турган эмесмин, окууга өтүнмө бере аламбы?

Сиз өзүңүз тандаган өлкөнүн кайсы болбосун аймагында окуй аласыз, эгерде каалаган кесип КӨФтө тандоодон өткөн кесиптик лицейлердин жана колледждердин тизмесинде бар болсо. Кесиптин тизмесин тактоо үчүн КӨФтүн “Байланыш маалыматтары” бөлүмүндөгү аймактык кызматкерлерге кайрылуу зарыл. Кыргызстан боюнча окутулуучу жер КӨФтүн өтүнмө берүүчүсүнүн катталган жерине байлыныштырлган эмес.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (ДМЧА) окутуу каралганбы?

Кыска мөөнөттүү окутууну каржылоо үчүн артыкчылыктуу багыттар болуп Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар саналат. Окутууга өтүнмө берүү үчүн Сизден биздин кызматкерге алдын ала телефон аркылуу бере турган кошумча маалыматты берүү талап кылынат. Сиз төмөнкүлөрдү айтышыңыз керек:

-Сиз кайсы кесип боюнча окууну каалайсыз?

-Сиз менен канча адам окууну каалайт же Сиз жалгыз окууну каалайсызбы?

-Эгерде Сиз лицейди же колледжди тандаган болсоңуз, аны сөзсүз айтууну өтүнөбүз.

-Бизге Сиздин ден соолугуңуздун спецификасын көрсөтүүңүз керек.

Жогоруда аталган маалыматтын бардыгын алгандан кийин, биздин кызматкер Сиз үчүн бардык мүмкүн болуучу варианттарды тандайт жана Сиз менен окутууга карата андан аркы аракеттер боюнча байланышат.



Все права защищены © 2014-2016

Секретариат Фонда Развития Навыков

Тел.: +996 312 318792

E-mail: frn@kesip.kg

www.frn.kesip.kg